36-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырууну узартуу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Адамдын психиатриялык стационарда ыктыярдуу эмес тартипте болушу жайгаштыруу жүргүзүлгөн негиздер сакталган убакытка гана созулат.
2. Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштырылган адам алгачкы алты айдын ичинде жайгаштырууну узартуу маселесин чечүү үчүн психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясынын ырастоосунан айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турууга тийиш. Жайгаштыруу алты айдан ашуунга узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосу алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3. Адам психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин врач-психиатрлардын комиссиясынын мындай жайгаштырууну узартуунун зарылдыгы жөнүндөгү корутундусу психиатриялык стационардын администрациясы тарабынан психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотко жөнөтүлөт. Судья ушул Мыйзамдын 33-35-статьяларында каралган тартипте токтому менен жайгаштырууну узартышы мүмкүн. Андан кийин психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган адамдын анда болуусун узартуу жөнүндөгү чечим судья тарабынан жыл сайын кабыл алынат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-36" title="36-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>