32-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштырылган адамдарды ырастоодон өткөрүү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
1. Ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган негиздер боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылган адам врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө 72 сааттын ичинде ырастоодон өткөрүлүүгө тийиш, ал комиссия жайгаштыруунун негиздүүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат. Жайгаштыруу негизсиз деп табылган жана жайгаштырылган адам психиатриялык стационарда калгысы келбеген учурларда, ал токтоосуз чыгарылууга тийиш.
2. Эгерде жайгаштыруу негиздүү деп табылса, врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу 24 сааттын ичинде адамдын андан ары ошол жерде калуусу жөнүндө маселени чечүү үчүн психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотко жөнөтүлөт.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-32" title="32-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>