41-статья. Социалдык камсыздандыруу үчүн адамдарды психоневрологиялык мекемелерге жайгаштыруунун негиздери жана тартиби
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29
1. Социалдык жактан камсыздандыруу максатында психоневрологиялык мекемеге жайгаштыруу үчүн психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын жеке өзүнүн же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жана врач-психиатр катышкан врачтык комиссиянын корутундусу, ал эми 18 жашка чейинки жашы жетпеген улан-кыз же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам үчүн - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн врач-психиатрдын катышуусу менен врачтык комиссиянын корутундусунун негизиндеги чечими негиз болуп саналат. Корутунду психикалык жактан мандемдүү адамда социалдык камсыздандыруу үчүн аны адистештирилбеген мекемеде болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, ал эми аракетке жөндөмдүү адамга карата ошондой эле соттун алдында аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө маселе коюу үчүн негиздердин жоктугу тууралу маалыматтарды камтууга тийиш.
2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсү социалдык камсыздандыруу үчүн психоневрологиялык мекемелерге жайгаштырылган адамдардын жогоруда көрсөтүлгөн кызыкчылыктарын коргоого чаралар көрүүгө милдеттүү.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-41" title="41-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>