Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-марты № 119 Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 329 токтомунун редакциясына ылайык) «Коргоо чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ата мекендик ун тартуу тармагынын кызыкчылыктарын коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүгө атайын алым тиркемеге ылайык өлчөмдө киргизилсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 «Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө» токтомунун тиркемесине ылайык, товарларды импорттоодо убактылуу коргоо алымдарын алуунун натыйжасында алынган каражаттарды депозиттен республикалык бюджетке чегерсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине, ошондой эле ДСУнун Коргоо чаралары боюнча комитетине тиркемеге ылайык товарларга ылайык атаыйн алымдардын киргизилиши жөнүндө белгиленген тартипте кабарлашсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө киргенге чейин колдонулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү атайын алымдар киргизилген товарлардын ТИЗМЕГИ
Продукциянын аталышы
ЕврАзЭКтин ТЭИ ТН боюнча коду
Убактылуу коргооочу алымдардын ставкасы (бажылык наркынан % менен же сом менен)
Буудай уну:
- катуу буудайдан
1101 00 110 0
1 кг үчүн 3 сом
- жумшак буудайдан жана спельтадан
1101 00 150 0
1 кг үчүн 3 сом
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-апрели № 85-б "Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган 2013-2019-жылдардагы соода…Распоряжение · 05.04.2021 · № 85-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2017 · № 250
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө…Постановление · 27.05.2015 · № 329 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 "Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 381 · Күчүн жоготкон
- Коргоо чаралары жөнүндөЗакон · 31.10.1998 · № 141 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2000 · № 514
- "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндө" ЖобоПоложение · 23.08.2000 · № 514