15-статья. Жаратылышты пайдалануу үчүн жыйым төлөө
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2024 года № 95
(Аталышы Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Жаратылышты атайын пайдалануу жыйым төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Жаратылышты пайдалануу үчүн жыйым жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акыдан, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жана башка жаратылышка терс таасирлерди тийгизгендиги үчүн акыдан турат. Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйым: жаратылыш ресурстарын белгиленген лимиттердин чектеринде пайдалануу үчүн; жаратылыш ресурстарын лимиттен ашык пайдалануу үчүн белгиленет жана мамлекеттик бюджетке белгиленген тартипке ылайык киргизилет жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жакшы абалга келтирүү боюнча иш-чараларга пайдаланылат. Булгоочу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу жана башка булгоонун түрлөрү жана жаратылышка терс таасир тийгизүү, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым алынат. Зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн жыйым юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилет. Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жаратылышты пайдалануу үчүн жыйым төлөө жаратылышты пайдалануучуну айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды аткаруудан, өзүнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузушунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, жасаган укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2004-жылдын 11-августундагы № 113, 2015-жылдын 16-январындагы № 17, 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 января 2015 года № 17 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 августа 2004 года № 113 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 34 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык…Постановление · 24.01.2013 · № 34
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү…Постановление · 18.10.2021 · № 222
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-сентябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.09.2015 · № 625
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлунун № 354 "Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын…Постановление · 04.07.2024 · № 354
- Постановление Правительства КР от 3 июля 2003 года № 404 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ставках платы за загрязнение окружающей среды (выбросы, сбросы загрязняющих…Постановление · 03.07.2003 · № 404 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 июля 2003 года № 401 "О проекте постановления Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 01.07.2003 · № 401 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы №288 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2011 · № 288 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-марты № 137 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 22.03.2016 · № 137 · Күчүн жоготкон
- О ставке платы за загрязнение окружающей среды (выбросы, сбросы загрязняющих веществ размещение отходов)Закон · 10.03.2002 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 ноября 2002 года №748 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 11.11.2002 · № 748 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 124 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 06.03.2013 · № 124 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-15" title="15-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>