Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 16-январы № 17 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 15-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-мартындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 124-ст.);
- "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-августундагы № 200 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 664-ст.);
- "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 38 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 17-18).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 737 "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.10.2015 · № 737 · Күчүн жоготкон
- О ставке платы за загрязнение окружающей среды (выбросы, сбросы загрязняющих веществ размещение отходов)Закон · 10.03.2002 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн кы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү…Закон · 02.03.2010 · № 38 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
- О ставке платы за загрязнение окружающей среды (выбросы, сбросы загрязняющих веществ размещение отходов)Закон · 10.03.2002 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн кы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү…Закон · 02.03.2010 · № 38 · Күчүн жоготкон