Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 октября 2021 года № 222 "Об утверждении Порядка определения и взимания сбора за пользование поверхностными водными ресурсами в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-18.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 22-марты № 137 Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу тартип жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдү аныктоонун жана алуунун маселелери 2016-жылдын 1-октябрынан кечиктирилбей мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эки айлык мөөнөттө суу пайдалануу үчүн төлөм маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жана кемтиктерди жоюуга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү…Постановление · 18.10.2021 · № 222
- "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү сууларды пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү аныктоонун жана алуунун убактылуу" ТАРТИБИПорядок · 22.03.2016 · № 137 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү…Постановление · 18.10.2021 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Суу жөнүндөгүЗакон · 14.01.1994 · № 1422-XII · Күчүн жоготкон