Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 10-сентябры № 625 Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкаларын бекитүү жөнүндө "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом күчүнө кирген датага карата төлөмдү индексациялоо коэффициенти базалык жана 1ге барабар болуп белгиленсин.
Андан ары төлөмдү индексациялоо коэффициенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасына ылайык аныкталат.
3. Ушул токтом 2015-жылдын 24-июлунан баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр
Т.А.Сариев
Тиркеме Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн СТАВКАЛАРЫ
1. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкалары төмөнкүлөрдү түзөт:
- атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын келтирилген тоннасы үчүн 3,24 сом өлчөмүндө;
- айлана-чөйрөгө саркынды суулар менен агызып чыгарылган булгоочу заттардын келтирилген тоннасы үчүн 10,5 сом өлчөмүндө;
- айлана-чөйрөгө калдыктарды жана кен калдыктарын жайгаштыруу үчүн калдыктардын жана кен калдыктарынын келтирилген тоннасы үчүн 3,24 сом өлчөмүндө.
2. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкалары айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү эсептөөдө пайдаланылат.
3. Жаратылышты коргоо чыгымдарына баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкаларына төлөмдү индексациялоо коэффициенти колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 "Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2011 · № 559
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.