Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматты банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 мая 2021 года № 204 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Положения о порядке предоставления информации из Государственного реестра национальных паспортов граждан Кыргызской Республики" от 12 июня 2020 года № 329"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-05-04.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2017-жылдын 29-ноябры № 544-б (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө актуалдуу маалымат менен банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды, нотариалдык контораларды жана жеке нотариустарды камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматты банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча пилоттук долбоорду 2017-жылдын 1-декабрынан тартып 2019-жылдын 1-декабрына чейин жүргүзсүн;
- ушул пункттун экинчи абзацында аталган кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөөлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен белгиленген тартипте макулдашсын;
- пилоттук долбоор жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү ишке ашырылса, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирге ушул пункттун экинчи абзацында аталган кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Дж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 03.08.2020 · № 407
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомуПостановление · 04.05.2021 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук…Постановление · 04.05.2021 · № 204 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.11.2018 · № 421-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук…Постановление · 04.05.2021 · № 204 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу…Постановление · 21.10.2013 · № 573
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2017 · № 196
- "Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген)Положение · 21.10.2013 · № 573
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен…Положение · 03.04.2017 · № 196
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон