Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 „Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 июля 2026 года № 469 «О вопросах функционирования Государственного реестра национальных паспортов граждан Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-07-08.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 204 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору тууралуу алынган маалыматты берүү боюнча кызмат көрсөтүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору тууралуу алынган маалыматты берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды, кредиттик бюролорду, нотариалдык контораларды жана жеке нотариустарды, мобилдик уюлдук байланыш операторлорун, төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлорун (мындан ары - алуучулар) Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жарактуу жана жараксыз паспорттору (ID-карта) жана идентификациялык карталары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору (ID-карта) тууралуу актуалдуу маалымат менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу камсыздоо максатында иштелип чыкты.";
- 2-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Юстиция министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы "декада сайын" деген сөздөр "ай сайын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б буйругу.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө маселелери…Постановление · 08.07.2026 · № 469
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Положение · 12.06.2020 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 12.06.2020 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 29.11.2017 · № 544-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.11.2018 · № 421-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө маселелери…Постановление · 08.07.2026 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 12.06.2020 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 29.11.2017 · № 544-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.11.2018 · № 421-р · Күчүн жоготкон