Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө» ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын жарандарынын даярдалган/персонификацияланган улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтардын негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана актуалдаштыруу үчүн пайдаланылат/
3. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.
4. Мамлекеттик реестрдин кармоочусу болуп калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
5. Мамлекеттик реестрди жүргүзүүгө жана анын иштеши үчүн жоопкерчилик кармоочуга жүктөлөт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
6. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу документтер; Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте топтоону, иштеп чыгууну, сактоону, издөөнү, пайдаланууну жана берүүнү камсыздоочу автоматташтырылган маалыматтык система; Мамлекеттик реестрди иштеп чыгуучу - Мамлекеттик реестрди кармоочунун карамагындагы мамлекеттик мекеме. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик реестрге киргизилүүчү маалымат
7. Мамлекеттик реестр каттоо субъекттеринин жеке маалыматтарын камтыйт, ал төмөнкү түзүмгө ээ болот:
а) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу улуттук паспорттору жөнүндө:
- улуттук паспорттун тиби;
- жеке идентификациялоочу номуру;
- фамилиясы, аты;
- атасынын аты (болсо);
- туулган күнү;
- туулган жери;
- документтин номуру;
- документти берген орган жана анын коду;
- берилген күнү;
- жарактуулук мөөнөтү;
- жынысы;
- этностук тиешелүүлүгү;
- бетинин санариптик сүрөттөлүшү;
- жашаган жери;
- үй-бүлөлүк абалы;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби;
б) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө:
- улуттук паспорттун тиби;
- жеке идентификациялоочу номуру;
- фамилиясы, аты;
- атасынын аты (болсо);
- туулган күнү;
- туулган жери;
- документтин номуру;
- документти берген орган жана анын коду;
- берилген күнү;
- жарактуулук мөөнөтү;
- жынысы;
- этностук тиешелүүлүгү;
- жашаган жери;
- үй-бүлөлүк абалы;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик реестрде Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун жараксыз деп таануунун негиздери жана күнү көрсөтүлөт.
4. Мамлекеттик реестрди пайдалануу тартиби
9. Кармоочу Мамлекеттик реестрдеги маалыматтарды, белгиленген тартипте түзүүнү, жыйноону жана пайдаланууну ишке ашырат, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылат.
10. Мамлекеттик реестрден Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматты берүүнү Мамлекеттик реестрди кармоочу жекече мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык электрондук түрдө жана кагазга басылган түрдө ишке ашырат.
11. Иштеп чыгаруучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору боюнча маалыматтарды актуалдаштырат, сактайт, жаап салат.
12. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш болот.
13. Мамлекеттик реестрдеги маалыматты сактоо мөөнөтү 75 жылды түзөт.
14. Мамлекеттик реестрди кармоочунун жана иштеп чыгуучунун кызматкерлери Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматты жайылткандыгы, ошондой эле мыйзамсыз жана туура эмес бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2017 · № 196
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 01.07.2021 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-августундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 03.08.2020 · № 407
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы…Инструкция · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Положение · 12.06.2020 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 29.11.2017 · № 544-р · Күчүн жоготкон