Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жɵнүндɵ
Банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору тууралуу алынган маалыматты берүү боюнча кызмат көрсөтүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору тууралуу алынган маалыматты берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ушул Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды, кредиттик бюролорду, нотариалдык контораларды жана жеке нотариустарды, мобилдик уюлдук байланыш операторлорун, төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлорун (мындан ары – алуучулар) Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жарактуу жана жараксыз паспорттору (ID-карта) жана идентификациялык карталары – Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору (ID-карта) тууралуу актуалдуу маалымат менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу камсыздоо максатында иштелип чыкты.”;
- 2-пунктундагы “Ɵкмɵтүнɵ” деген сөз “Юстиция министрлигине” деген сɵздɵр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы “декада сайын” деген сөздөр “ай сайын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б буйругу;
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А. Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 12.06.2020 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 29.11.2017 · № 544-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.11.2018 · № 421-р · Күчүн жоготкон