Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 21-октябры № 573 Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 124, 2014-жылдын 17-октябрындагы № 603, 2015-жылдын 23-апрели № 247, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумдун иштешин камсыздоо, "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин тутуму киргизилсин;
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутум (мындан ары - автоматташтырылган тутум) жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасында калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык кеңеш (мындан ары - Ведомстволор аралык кеңеш) жөнүндө жобо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Ведомстволор аралык кеңештин ишине ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине жана анын аймактык органдарына автоматташтырылган тутумду киргизүүнү ишке ашырсын;
- эки апталык мөөнөттө калктын реестрин киргизүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын жана Ведомстволор аралык кеңештин кароосуна киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 124, 2014-жылдын 17-октябрындагы № 603, 2015-жылдын 23-апрели № 247 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте ведомстволор аралык жумушчу топ түзсүн жана эки апталык мөөнөттө андан аркы эриш-аркак иштешүү жана маалымат алмашуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде жана анын аймактык органдарында автоматташтырылган тутумду киргизүү аяктагандан кийин эки апталык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жеке адамдардын идентификациялык жеке номерлеринин (мындан ары - ИЖН) актуалдуу маалыматтык базасын ИЖНдин контролдук санын эсептеп чыгаруунун алгоритмин берүү менен кошо тапшырсын;
- ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 36 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (36)
- «Нике бекитүүнү салтанаттуу каттоону жүргүзүү» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- «Жаны төрөлгөн балдарды салтанаттуу каттоону жүргүзүү» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- «Туулгандыгын каттоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21”…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- «Жарандык абалдын актыларынын жазуусуна оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- «Никеге турууну каттоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21”…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- «Никеден ажырашууну каттоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21”…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- «Жарандык абалдын актыларын жазууга оңдоолорду, толуктоолорду тезинен киргизүү» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана ведомстволук мекемелери тарабынан…Приказ · 12.12.2025 · № 305
- «Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу кайталап күбөлүк берүү, жарандык абалдын актыларынын маалымкатын, билдирүүлөрүн, көчүрмөлөрүн берүү» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2017 · № 619
- «Фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөртүлүшүн каттоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- "Фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөртүлүшүнун тезинен каттоо" МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- «Атасы экендигин аныктоону каттоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ «Бала (кыз) багып алууну каттоо» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- “Өлүмдү каттоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы…Регламент · 21.01.2020 · № 1-д
- "Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген)Положение · 21.10.2013 · № 573
- «Улуттук паспортторду жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жеринде документтештирүү» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- "Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутум жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому…Положение · 21.10.2013 · № 573
- "Кыргыз Республикасында калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" Жобо (Кыргыз…Положение · 21.10.2013 · № 573
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.08.2021 · № 107
36 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 "Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 15.06.2021 · № 30
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 544-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 29.11.2017 · № 544-р · Күчүн жоготкон