Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Башка субъекттердин курал сатып алуу укугу
Күчүндө · 15.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115
Өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу үчүн куралды жана анын патрондорун изилдөөнүн, иштеп чыгуунун, сыноонун, жасоонун жана кооздоонун, ошондой эле буюмдарды окко туруштук берүүгө сыноодо иштеген юридикалык жактар өндүрүүгө лицензия жана ченемдик-техникалык документтер тарабынан каралган куралдын жана анын патрондорунун бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин сатып алууга укуктуу. Куралды соодалоодо иштеген юридикалык жактар жарандык жана кызматтык куралды, спорттук уюмдар жана билим берүү мекемелери, спорттук жана аңчылык мылтыктарын, ал эми аңчылык чарбасын жүргүзүүчү уюмдар аңчылык мылтыгын сатып алууга укуктуу. Аңчылык кылууга адистешкен ишканалар аңчылыктын ок атуучу куралын, анын ичинде сай салынган найлуу мылтыктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик корголууга тийиш болгон адамдар кызматтык куралды убактылуу пайдаланууга, ал эми зарыл учурда колдо алып жүрүүчү куралды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алууга укуктуу. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттер куралдарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатып алышат. Сатылып алынган куралдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Жекече күзөт ишканалары, бирикмелер, ишканалардагы күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрү Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте ички иштер органдары тарабынан берилүүчү уруксаттар боюнча курал (ок атуучу сайсыз найлуу, ок атуучу кыска найлуу) сатып алышат. Курал сатып алуу ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте катталууга тийиш. (КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2003-жылдын 6-мартындагы № 52 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 54 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 марта 2003 года №52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 февраля 2003 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
10.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эми зарыл учурда колдо алып жүрүүчү куралды Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алууга укуктуу.
Ушул статьянын биринчи … № 41, 2003-жылдын 6-мартындагы № 52 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги алынып салынды: N 54 кошулду: № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/214/st-17" title="17-статья - Курал жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>