18-статья. Курал жана анын патрондорун чыгаруу
Күчүндө · 15.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2024 года № 97
Курал жана анын патрондорун чыгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте аларды чыгарууга лицензиясы бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Курал жана анын патрондорун чыгаруучу юридикалык жактар өндүрүштүн коопсуздугун, аны контролдоону, чыгарылуучу продукциянын тиешелүү сапатын жана анын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Курал чыгарууда, сатып өткөрүүдө жана оңдоодо, ошондой эле анын патрондорун чыгарууда жана сатып өткөрүүдө мамлекеттик стандарттарды сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат. Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук жана башка түзүлүштөрдү албаганда, жасалган куралдын ар бир даанасынын жеке номери болууга тийиш. Тажрыйбалык үлгүлөрдү албаганда, аскердик жарак мамлекеттик аскерлешкен уюмдарга жөнөтүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрел Кабинети тарабынан белгиленген тартипте башка мамлекеттерге жөнөтүү үчүн гана жасалат. Аңчылык сайсыз найлуу мылтыктын куралынын патрондорун дүрмөттөө, ошондой эле өңчөй коргошундун эритиндисинен бытыра жана картеч жасоо жана колдо бар материалдардан тыгын жасоо, аңчылык сайсыз мылтыкты сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар куралдын ээси тарабынан жеке өзүнө пайдалануу үчүн даярдалышы мүмкүн.
Спорттук ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар болгондо, спорттук ок атуучу сайлуу куралдын патрондорун дүрмөттөө расмий каттоодон өткөн спорттук уюмдардын мүчөлөрү тарабынан алардын жеке пайдалануусу үчүн даярдалышы мүмкүн. (КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115, 2024-жылдын 13-июнундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 97 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июня 2002 года № 112 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «Об оружии»Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ээси тарабынан жеке өзүнө пайдалануу үчүн даярдалышы мүмкүн.
кошулду: Спорттук ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар болгондо, спорттук ок атуучу сайлуу куралдын патрондорун дүрмөттөө расмий каттоодон өткөн спорттук уюмдардын мүчөлөрү тарабынан алардын жеке пайдалануусу үчүн даярдалышы мүмкүн.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № алынып салынды: 115 кошулду: 115, 2024-жылдын 13-июнундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/214/st-18" title="18-статья - Курал жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>