Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 24-апрели № 54 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 20-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкудей өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лицензия жана уруксат берүү тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.";
2) 14-статьянын 2-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 15-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 11-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын 11-статьясындагы талаптарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 17-статьянын 5-бөлүгүндө "лицензиялар" деген сөз "уруксаттар" деген сөзгө алмаштырылсын; "ушул Мыйзамдын 11-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 29-1-статья менен толукталсын:
"29-1-статья. Куралды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыруу Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды акы төлөнгөн же акысыз негизде өз ыктыяры менен тапшыра алышат. Ыктыярдуу тапшыруу деп адамдын куралды жана ок-дарыларды өз эрки менен берүүсүн же алардын турган жери жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүсүн түшүнүү керек. Адамды кармоодо, ошондой эле куралды жана ок-дарыларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу аларды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт. Куралды жана ок-дарыларды ыктыярдуу тапшыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-апрелинде N 32 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
Шилтеме берет (2)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195