16-статья. Чет өлкөлүк жарандар тарабынан жарандык куралдын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынышы, Кыргыз Республикасына алынып келиши жана Кыргыз Республикасынан алынып кетиши
Күчүндө · 15.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык куралды өздөрү жарандары болуп саналган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн өтүнүчтөрүнүн негизинде ички иштер органдары тарабынан берилген уруксат боюнча сатып алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен өлкөдөн алар тарабынан чыгарып кеткен шартта, сатып ала алат. Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук же башка түзүлүштөрдү, эстен тандыруучу электр түзүлүштөрдү жана учкун чыгаргычтарды, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашпаган жана сайы 4,5 миллиметрге чейинки пневматикалык куралды кошуп алганда, чет мамлекеттик жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында уруксатсыз сатып алууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык мылтык Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандар тарабынан өлкөгө кирерде милдеттүү түрдө жарнактоо менен аңчылык кылууга лицензиясы бар юридикалык жактын чакырыгы менен аңчылыкка контракты же спорттук иш-чарага катышуу үчүн чакыруусу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын тиешелүү уруксаты болгондо гана алынып келиниши мүмкүн. Көрсөтүлгөн курал контракт же чакыруу тарабынан белгиленген мөөнөттө өлкөдөн чыгарылып кетүүгө тийиш. Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, мергенчилерге теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна өз өлкөсүнүн уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу, бул жөнүндө аңчылыкка контракттарда (келишимдерде) көрсөтүлөт. (Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Чет өлкөлүк жарандар тарабынан куралды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн жана тартибин, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун тартибинин бузулушу куралды белгиленген тартипте алып коюуга жана конфискациялоого алып келет. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 марта 2014 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Редакцияларды салыштыруу
10.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бул жөнүндө аңчылыкка контракттарда (келишимдерде) көрсөтүлөт.
алынып салынды: Чет өлкөлүк жарандар тарабынан жеке коопсуздукту камсыз кылуу, башка жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын менчигин коргоо, жүктөрдү коштоо жана, эгерде ал Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тарабынан каралбаса, ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка максаттарда куралдын бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга тыюу салынат.
кошулду: (Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан куралды Кыргыз Республикасынан чыгарып … жана конфискациялоого алып келет.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № алынып салынды: 46 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.09.2021 · № 115
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/214/st-16" title="16-статья - Курал жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>