Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын курал сатып алуу укугу
Күчүндө · 15.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар ички иштер органдарынан тиешелүү лицензия алгандан кийин курал чыгаруучу же аны соодалоочу юридикалык жактардан жарандык жана кызматтык курал сатып алууга укуктуу. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлери тарабынан пайдалануу үчүн жарандык жана кызмат куралынын түрлөрү, типтери, моделдери жана саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Сатылып алынган курал ал сатылып алынган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө тиешелүү ички иштер органдарында катталууга тийиш. Куралды каттоодо өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактарга куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтердин негизинде ал куралды үч жылдык мөөнөткө сактоого жана пайдаланууга уруксат берилет. Уруксат берүүнүн түрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Уруксат берүүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын банктары, ошондой эле, менчик күзөтүү ишканаларынын жана уюмдарынын коопсуздук кызматтарын албаганда, өзгөчө уставдык милдеттери бар башка юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укук ченеминдеги актыларынын негизинде мыйзам тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн куралды, ок-дарыларды, аскер техникасын чыгаруу жана сактоо объекттерин, өзгөчө кооптуу экологиялык өндүрүштөрдү, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, акча каражаттары менен баалуулуктарды жасоочу жана сактоочу, баалуу металлдар жана асыл таштар алынуучу, кайра иштетилүүчү жана сакталуучу жерлерди, чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, башка өтө маанилүү объектилерди, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу жүктөрдү, куралды, ок-дарыларды, аскердик техниканы, акчалай каражаттарды жана баалуулуктарды ташууда, дипломаттык почтаны, мамлекеттик жашыруун сырга таандык кылынган маалыматтарды камтыган корреспонденцияларды жана мамлекеттик жашыруун сырга таандык кылынган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү камтыган жүктөрдү кайтаруу боюнча милдеттерин аткаруу үчүн кол менен атылуучу аскердик куралдын айрым типтерин жана моделдерин ички иштер органдарынан убактылуу пайдаланууга алууга укуктуу. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар тарабынан кол менен атылуучу аскердик куралдардын айрым типтерин жана моделдерин мыйзам тарабынан каралбаган башка максаттарда колдонулушуна тыюу салынат. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган, ошондой эле аңчылык жана балык ресурстарын коргоо милдеттери мыйзам тарабынан жүктөлгөн ишканаларга жана уюмдарга катары сайлуу найы бар аңчылык мылтыгын кызмат куралы катары сатып алууга жана пайдаланууга уруксат берилет. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлерине курал берүү тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул юридикалык жактардын жетекчилеринин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Ал кызматкерлер атылуучу куралды колдонууга байланыштуу шарттарда аракеттенүүгө жарамдуулугу мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүүгө жана аларда кызматтык куралды сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынын уруксаты болууга милдеттүү. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлерин даярдоо жекече детективдерди даярдоо боюнча мамлекеттик эмес окуу борборлору, аткаруу бийлигинин органдары жана уюмдар, ал эми мындай даярдык үчүн шарттар жок болгондо ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Айлана-чөйрөнү коргоо максатында пайдаланылуучу белги берүүчү курал лицензиясыз сатылып алынат жана катталбайт. (КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 сентября 2021 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 54 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 марта 2003 года №52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оружии"Редакцияларды салыштыруу
10.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түрлөрү, типтери, моделдери жана саны Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Сатылып алынган курал ал сатылып алынган күндөн … уруксат берилет. Уруксат берүүнүн түрү Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Уруксат берүүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу … милдеттери бар башка юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин укук ченеминдеги актыларынын негизинде мыйзам тарабынан өздөрүнө … алып жүрүүгө ички иштер органдарынын уруксаты болууга милдеттүү.
алынып салынды: Даярдоонун программасынын мазмуну жана текшерүүдөн өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан аныкталат.
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлерин … коргоо максатында пайдаланылуучу белги берүүчү алынып салынды: тапанчалар кошулду: курал лицензиясыз сатылып алынат жана катталбайт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы алынып салынды: N кошулду: № 52, 2019-жылдын 24-апрелиндеги алынып салынды: N 54 кошулду: № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/214/st-14" title="14-статья - Курал жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>