11-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 394-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-статьяда:
3-бөлүгүндө "айылдык округ" деген сөздөр "айылдык аймак" деген сөздөргө алмаштырылсын; 13-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Компенсациянын өлчөмү суу менен жабдуу булактарынын булганган сууларын кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча чыгымдардын ордун толук толтурууну эске алуу менен суу менен жабдуучу ишкананын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.".
2. 13-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 14-статьяда:
6-бөлүгүндө "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын жетекчилиги" деген сөздөр "жергиликтүү кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-бөлүгүндө "аткаруу-тескөө" деген сөздөр "аткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 21-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу менен жабдуу жана суу агызып чыгаруу тармактары менен курулмаларын эксплуатациялоону жана күтүүнү жүзөгө ашыруучу ишканалардын сунушу боюнча аймактык монополияга каршы органдар менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан киргизилүүчү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана коммуналдык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн берилүүчү ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205365/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>