4-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласында "шаарчаларда," деген сөз алып салынсын.
2. 1-статьянын аталышында "Негизги түшүнүктөр" деген сөздөр "Түшүнүктөр'' деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 1-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жамааттын уставы - жамааттын ишин жөнгө салуучу, анын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жамааттын негизги укуктук документи;".
4. 2-статьянын аталышында жана биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формалардагы "негизги максаттары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "максаттары" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 4-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, дагы" деген сөздөр алып салынсын.
6. 5-статьяда:
1-бөлүгүндө "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "жергиликтүү коомдоштуктун жана" деген сөздөр алып салынсын; 3-бөлүгүндө "айылдык, шаарчалык, шаардык кеңеште" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 11-статьянын төртүнчү абзацында жана 12-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "алардын аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "алардын аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 15-статьянын 2-бөлүгүндө "жана аларды айылдык, шаарчалык, шаардык кеңеште каттатат" деген сөздөр ", алар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөЗакон · 21.02.2005 · № 36
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205365/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>