7-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуланын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
3. 2-статьяда:
биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жергиликтүү шериктештик - административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыйындысы;".
4. 4-статьянын экинчи сүйлөмүндө ", ушул Мыйзамды колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана басып чыгарат" деген сөздөр алып салынсын.
5. 7-статьянын 3-бөлүгүндө "же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен күчүнө киришинин" деген сөздөр "же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө киришинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-статьянын 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 11-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205365/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>