Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-31.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 14-июлу № 136 Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө (КР 2022-жылдын 12-июлундагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын (мындан ары - биометрикалык маалыматтар) чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашырууда, биометрикалык маалыматтар базасын актуалдаштырууда жана коргоодо пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
2-берене
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты - биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу тартибин укуктук регламенттештирүү болуп саналат.
2. Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана пайдалануунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик колдонуу;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;
3) инсанды идентификациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.
(КР 2022-жылдын 12-июлундагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими
1. Биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдаштырылган маалыматтар базасын түзүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкү милдеттерди аныктайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын сапаттык жана сандык курамын аныктоо;
2) шайлоочулардын актуалдаштырылган тизмесин түзүү;
3) жарандарды өз убагында каттоо жана идентификациялык документтерди берүү;
4) кылмыштуулук, легалдуу эмес миграция, терроризм жана адамдарды сатуу менен натыйжалуу күрөшүү;
5) калкка өз убагында жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүү;
6) биометрикалык маалыматтар базасын пайдалануу менен инсанды максималдуу идентификациялоо.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Биометрикалык маалыматтар - алардын негизинде анын инсандыгын белгилөөгө болуучу биометрикалык маалыматтар субъектинин физиологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн маалыматтар. Биометрикалык каттоо - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо жол-жоболору. Биометрикалык маалыматтар базасын кармоочу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган. Биометрикалык маалыматтар базасын пайдалануучулар - мамлекеттик жана башка органдар. Биометрикалык маалыматтар субъекти - Кыргыз Республикасынын аймагында же болбосо анын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими
4-берене. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана пайдалануу принциптери
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) милдеттүү биометрикалык каттоо;
2) ачыктык (мамлекеттин биометрикалык маалыматтарды пайдалануусуна карата жарандардын ишенимин камсыз кылуу);
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан биометрикалык жана жеке маалыматтардын мыйзамдуу пайдалануунун кепилдиктери;
4) биометрикалык маалыматтар базасын коргоо;
5) аларды чогултууда, иштеп чыгууда, сактоодо жана маалыматтык тутумдарда пайдаланууда биометрикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана материалдык алып жүрүүчүлөргө карата талаптарды сактоо.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими
5-берене. Биометрикалык каттоо тартиби
1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ушул Мыйзамга ылайык биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү.
2. Биометрикалык каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Төмөнкү биометрикалык маалыматтар милдеттүү түрдө чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого жана пайдаланууга жатат:
1) беттин санариптик графикалык сүрөтү;
2) эки колдун манжаларынын папиллярдык чиймелеринин графикалык түзүлүшү;
3) өздүк кол тамга.
4. Биометрикалык маалыматтардан тышкары, милдеттүү түрдө чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого жана пайдаланууга төмөнкү жеке маалыматтар жатат:
1) жеке идентификациялык номери;
2) фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) улуту;
4) паспорттун сериясы жана номери;
5) туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мурда албаган адамдар үчүн);
6) жынысы;
7) туулган күнү, айы, жылы;
8) жашаган жери.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими
6-берене
6-берене. Биометрикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Биометрикалык маалыматтардын базасы Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.
2. Биометрикалык маалыматтар базасында камтылган биометрикалык маалыматтарды коргоо ушул Мыйзамга, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү, маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү, мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Биометрикалык маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жүзөгө ашырылат.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими
4. Аларды чогултууда, иштеп чыгууда, сактоодо жана маалыматтык тутумдарда пайдаланууда биометрикалык маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуунун тартиби, биометрикалык маалыматтарды материалдык алып жүрүүчүгө жана мындай маалыматтарды маалыматтык тутумдардан сырткары сактоо технологияларына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2022-жылдын 12-июлундагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
7-берене. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу
1. Биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалымат алуу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугу болгондо жүзөгө ашырылат.
2. Биометрикалык маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз биометрикалык маалыматтар жөнүндө маалыматты алуу сот адилеттиги жүзөгө ашырылган жана сот актысы аткарылган учурларда гана, ошондой эле улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, изин суутпай издөө ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда жүзөгө ашырылат.
(КР 2022-жылдын 12-июлундагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы N 11-р чечими
8-берене. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
9-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 25 · байланышкандар: 11
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Сот практикасы · Решение · 14.09.2015 · № 11-р
Цитата келтиргендер (25)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Решение · 14.09.2015 · № 11-р
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы №108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2012 · № 108
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 23 сентября 2015 года № 12-р (по делу о проверке конституционности нормативного положения части 2 статьи 14 конституционного…Решение · 23.09.2015 · № 12-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Өкмөтү 2014-жылдын 29-августундагы № З6З-б ("Коопсуз шаар" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору жөнүндө) буйругу.Распоряжение · 29.08.2014 · № 363-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө нускама"Инструкция · 11.11.2014 · № 494-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 6- августундагы № 316-б (Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат…Распоряжение · 06.08.2014 · № 316-р
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б (Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 11.11.2014 · № 494-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-мартындагы № 106-б (КР жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.03.2015 · № 106-р
- Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө Жобо (КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Положение · 01.08.2025 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 18.01.2016 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 725 "Биометрикалык маалыматтар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 725
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 179
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2015 · № 434
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 21.01.2016 · № 8
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 163-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө…Распоряжение · 17.04.2015 · № 163-р
- “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Корутундусу" (Кыргыз…Заключение · 11.06.2014 · № 321 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген…Постановление · 21.11.2017 · № 760 · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Решение · 14.09.2015 · № 11-р
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 179
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (11)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө Жобо (КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтому менен бекитилген)Положение · 01.08.2025 · № 51
- Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149…Положение · 19.11.2025 · № 149
- "Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз…Положение · 11.02.2020 · № 40
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 178-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2022 · № 178-VII
- Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби…Положение · 10.09.2025 · № 72
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 76-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы жыйналышынын кун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2022 · № 76-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июну № 284-VII "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 02.06.2022 · № 284
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 91-VII "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 02.03.2022 · № 91
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 182-VII ""Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 13.04.2022 · № 182-VII
- Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ жобо (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38…Положение · 11.02.2020 · № 38 · Күчүн жоготкон