Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-июлу № 434 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 23-пунктунда: "1247" деген цифралар "1258" деген цифралар менен алмаштырылсын; "83" деген цифралар "94" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо: 7-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке жана биометрикалык маалыматтарын чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону жүргүзөт;".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын штаттык саны 11 штаттык бирдикке көбөйгөндүгүнө байланыштуу зарыл финансылык каражаттарды карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №128 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык…Постановление · 10.02.2012 · № 88 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 128
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык…Постановление · 10.02.2012 · № 88 · Күчүн жоготкон