Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Биометрикалык маалыматтар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 29-декабры № 725 Биометрикалык маалыматтар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык маалыматтар базасы аркылуу идентификациялоо жана аутентификациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасынын техникалык оператору болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана анын карамагындагы техникалык оператор ушул токтомдон келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык маалыматтар базасы аркылуу идентификациялоо жана аутентификациялоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Порядок · 29.12.2023 · № 725
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 "Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.04.2025 · № 181
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис…Указ · 17.12.2020 · № 64
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон