Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын (Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2014-жылдын 11-ноябры № 494-б "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык;
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө нускама ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жалпы республика боюнча чогултууну уюштурсун жана өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандары 16 жаш куракка жеткен учурда же Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди алууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын туруктуу негизде чогултууну жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууну жүзөгө ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн,
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Дж.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 565 "Чет өлкөдө шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2015 · № 565
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө нускама"Инструкция · 11.11.2014 · № 494-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 163-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө…Распоряжение · 17.04.2015 · № 163-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августындагы № 565 токтомуПостановление · 10.08.2015 · № 565
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө нускама"Инструкция · 11.11.2014 · № 494-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон