«Шайлоочунун кабинети» сервиси жөнүндө Жобо (КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| | | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтомунатиркеме |
"Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 19, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Шайлоочунун кабинетинде авторлоштуруу үчүн талаптар
3. Электрондук форматта арыздарды берүүнүн тартиби
4. Электрондук форматтагы арыздарды иштеп чыгуунун тартиби
5. Шайлоочунун кабинетинин иштеп турушун жана коопсуздугун камсыздоо
6-бөлүм. Корутунду жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын арыздарды электрондук форматта берүүсүнүн, аларды кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Шайлоочунун кабинети" сервиси (мындан ары - Шайлоочунун кабинети) шайлоочулардын тизмесинде жана референдумдун катышуучуларынын тизмесинде (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) каталар же так эместиктер тууралуу электрондук форматта шайлоочулардын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жолу менен жарандардын активдүү шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу шарттарын кеңейтүүгө арналган, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) санариптик инфратүзүмүнүн компоненти болуп саналган Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы менен интеграцияланган сервис.
4. Шайлоочунун кабинети мамлекеттик жана расмий тилдерде иштейт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоочунун кабинети” сервисинин укук ээси жана кармоочусу болуп саналат.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси техникалык оператор болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
авторлоштуруу - Шайлоочунун кабинетине шайлоочунун кирүү укугун текшерүүнүн жол-жоболору; аутентификациялоо - шайлоочулар тууралуу маалыматтарды, анын ичинде шайлоочу киргизген идентификаторго анын таандуулугун электрондук колтамга текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен текшерүү, ошондой эле идентификатордун аныктыгын тастыктоо жол жоболору; бирдиктүү идентификациялоо системасы - шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу шайлоочулардын арыздарын электрондук форматта берүүсү үчүн Шайлоочунун кабинетинде тийиштүү идентификациялоону, аутентификациялоону, авторлоштурууну жана ага кирүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик ресурс; идентификациялоо - шайлоочунун маалыматтарын текшерүү жол жобосу, анын ичинде квалификациялуу электрондук кол тамгаларды текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын колдонуу менен, бирдиктүү идентификациялоо тутумуна киргизилген шайлоочунун идентификаторун тиешелүү базалык маалыматтык ресурста камтылган шайлоочу жөнүндө маалыматтар менен салыштыруу аркылуу же шайлоочунун инсандыгын биометрикалык маалыматтары боюнча - беттин геометриясы боюнча тирүүлүгүн текшерүү менен (Face ID Liveness); шайлоочу - 18 жашка толгон, жигердүү шайлоо укугу бар, белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны; квалификацияланган электрондук колтамга - квалификациялык сертификатта көрсөтүлгөн текшерүү ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында алынган электрондук колтамга, аны түзүү жана текшерүү үчүн "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык ырастама алган электрондук колтамганын каражаттары; санариптик кол тамга - санариптик символу бар ээси жөнүндө керектүү маалыматтар камтылган электрондук форматтагы өзү түшүргөн колтамганын аналогу; системалык администратор - тийиштүү, аймактык шайлоо комиссиясындагы (мындан ары -, АШК) Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкери. (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 6-пункттун текстинде “бул” деген сөз жок
2. Шайлоочунун кабинетинде авторлоштуруу
үчүн талаптар
7. Ар бир шайлоочу Шайлоочунун кабинети аркылуу электрондук форматта шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо тууралуу арыз берүүгө укуктуу.
8. “Шайлоочунун кабинетине” кирүү бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (СК, eID-карта, QR) аркылуу белгиленген тартипте авторизациялоодон же Face ID бет геометриясынын жардамы менен авторизациялоодон кийин берилет.
Шайлоочуну “Шайлоочунун кабинетинде” идентификациялоо, аутентификациялоо жана авторизациялоо үчүн СКнын болушу зарыл. Бирдиктүү идентификациялоо системасын (мындан ары – БИС) пайдалануу менен санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Шайлоочунун кабинетинде авторлоштурууда жана арыз берүүдө шайлоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген формада жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө макулдук берет.
10. Шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо тууралуу арыз берүү мүмкүнчүлүгү ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык тастыкталгандан кийин берилет.
Шайлоочунун кабинетинде шайлоочунун жеке маалыматтары тийиштүү идентификатор (ЖИН, паспорттун номери жана сериясы) киргизилгенде автоматтык түрдө толтурулат.
11. Шайлоочу жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүүдөн баш тарткан учурда Шайлоочунун кабинетине арыз берүү мүмкүнчүлүгү болбойт.
12. Шайлоочулар Шайлоочунун кабинетинде берген маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле жүргүзгөн аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
3. Электрондук форматта арыздарды
берүүнүн тартиби
13. Шайлоочу кандай гана болбосун каталар же так эместиктер байкалган учурда шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо тууралуу Шайлоочунун кабинети аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө укуктуу.
Шайлоочунун кабинетинде шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышкан учурдан тартып жана добуш берүүгө чейин 15 календардык күндөн кеч эмес убакытта арыз берүүгө укуктуу.
14. Шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо тууралуу арыз электрондук формада толтурууда шайлоочу тийиштүү шайлоо комиссиясын (ОШК, АШК, УШК) көрсөтүү менен өзүнүн жеке маалыматтарын (ЖИН, паспортунун сериясын жана номерин) киргизет.
15. Жеке маалыматтарды киргизгенден кийин Шайлоочунун кабинетинде автоматтык түрдө арыз түзүлөт, мында датасын жана убактысын көрсөтүү менен арыз бергендиги тууралуу тастыктоо берилет.
16. Электрондук арыз жана макулдук онлайн режиминде тийиштүү шайлоо комиссиясына келип түшөт.
4. Электрондук форматтагы арыздарды
иштеп чыгуунун тартиби
17. Арыздар келип түшкөн учурдан тартып тийиштүү шайлоо комиссиясынын системалык администратору тарабынан иштелип чыгууга тийиш.
18. Тийиштүү шайлоо комиссиясы арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча арыз келип түшкөн учурдан тартып 7 календардык күндүн ичинде Шайлоочунун кабинетине билдирмени жөнөтөт.
Шайлоочунун электрондук арыздарынын бардык тарыхы Шайлоочунун кабинетинде арыз берилген жана иштелип чыккан күнүн көрсөтүү менен сакталат.
5. Шайлоочунун кабинетинин иштеп турушун
жана коопсуздугун камсыздоо
19. Шайлоочунун кабинетин техникалык жактан колдоо, иштешин жана коопсуздугун камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм) тарабынан ушул Жободо жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
20. Жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу тартибин маалыматтык коопсуздуктун ички саясатына жана аны жүзөгө ашырууда алынган регламенттерге ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.
21. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аныкталган техникалык оператор менен биргеликте төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- маалыматтык толтуруу жана иштетүү боюнча иштерди уюштуруу;
- арыздарды кабыл алуу, каттоо жана иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу;
- Шайлоочунун кабинетинин иштеп турушун программалык-техникалык жактан колдоону камсыз кылуу;
- Шайлоочунун кабинетинин киберкоопсуздугун камсыз кылуу;
- Шайлоочулардын жеке маалыматтарын коргоо;
- санкцияланбаган кирүүдөн, бөгөттөөдөн, берүүдөн, ошондой эле алардын кокустан же санкцияланбаган жок кылынышына, өзгөртүлүшүнө же жоголуп кетишине жол бербөө үчүн маалыматтын корголушун камсыздоо;
- маалыматтын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле ченемдик тартипте белгиленген маалыматка жетүү режимин камсыздоо;
- тышкы маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдар, Интернет тарамы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- ички регламентте аныкталган башка аракеттер.
- Шайлоочунун кабинетин өркүндөтүү жана модернизациялоо;
- ички регламентте аныкталган башка аракеттер.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
6-бөлүм. Корутунду жобо
(Бөлүм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен жөнгө салынат.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.08.2025 · № 51
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү…Постановление · 25.09.2026 · № 112
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-марты № 173 "Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобону жана Мамлекеттик органдардын…Постановление · 11.03.2026 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.08.2025 · № 51
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү…Постановление · 25.09.2026 · № 112
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 748 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтомуна)Положение · 31.12.2019 · № 748 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон