16-берене. Шаардык кеңештин чечимдери
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 115
1. Шаардык кеңеш өз компетенциясынын чегинде чечимдерди токтом жана тескеме түрүндө кабыл алат.
2. Шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Шаардык кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
3. Шаардык кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аны аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөөчү мүнөздөгү акт.
Шаардык кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү тарабынан кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Шаардык кеңештин чечимдери менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Ош шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 24 "Жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби…Постановление · 24.12.2021 · № 24
- Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 111 "Ош шаарынын прокурорунун Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2018 · № 111
- Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан өрт өчүрүү, алдын алуу жана…Постановление · 13.03.2018 · № 110
- Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 94 "Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2017 · № 94
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 118 «Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 118
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 149 "Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 149
- 2019-жылдын 26-сентябры №205 "Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы№129 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө"Постановление · 26.09.2019 · № 205
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары…Постановление · 25.12.2019 · № 208
- Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №158 "Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө" токтомуПостановление · 19.02.2019 · № 158
- Ош шаардык кеңешинин2019-жылдын 26-сентябры №201 "Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынанаткарылып жаткан иштер жөнүндө"токтомуПостановление · 26.09.2019 · № 201
- Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 80 "Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү…Постановление · 23.05.2017 · № 80
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205093/st-16" title="16-берене - Ош шаарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>