Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеӊешинин «Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 19-февралы №158 Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы № 1 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
- Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууну тездетүү максатында долбоорлочунун иш планынын негизинде акча каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыздоо;
- Ош шаарынын Башкы планынын негизинде Ош шаарынын аймагына кошумча кире турган жер тилкелеринин схемасын аныктоо жумуштарын ишке ашырууну колго алуу;
-Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү үчүн курамы Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүү тапшырылсын.
3. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Жолдошов) буюртмачынын расмий өкүлү катары Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун даярдоону, кошумча жер тилкелерин аныктоо жумуштарын тездетүү тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Тѳрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219