Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеӊешинин «Ош шаарынын прокурорунун Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 111 Ош шаарынын прокурорунун Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө Ош шаарынын прокурорунун 2018-жылдын 25-январындагы № 11-7д-97-18 Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 токтомуна карата каршы пикирин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 35-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 16–беренесине ылайык, Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 5-февралындагы №2 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №103 “Жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
4. Токтом жалпыга маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 103 "Жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2017 · № 103
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241