Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №208 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Р.Юсуповдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16-беренелерине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №47 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы Р.Юсуповдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясына (Р.Юсупов):
-менчигинин түрүнө карабастан ар бир ишкана-мекеменин алдында автотоктомо болуусун мыйзам чегинде камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу; -мыйзам талаасындагы иш-аракеттерди активтештирүү; -башкармалыкты кошумча штаттар менен камсыздоо багытында иш алып баруу; -ишкерлер менен мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу багытында тегерек столдорду өткөрүү; -мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу багытында шаардагы тиешелүү кызматтар менен өз ара аракеттерди жүргүзүүнү жана элге маалыматты так жана өз убагында жеткирүүнү колго алуу сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219