Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеңешинин «Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеңешинин кезектеги X сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 26-декабры № 94 Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы №26 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Жолдошовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Жолдошов):
-жер тилкелерине тиешелүү иш кагаздарынын бир нече жаранга берилип кетүү фактыларын жоюу максатында бирдиктүү базаны түзүү; -жер тилкелерине курулуштарды курууга уруксат берүүнү алардын максаттык багытына ылайык жүргүзүү; -Ош шаарынын Башкы планынын негизинде деталдык пландоо долбоорун (ПДП) иштеп чыгууну 2018-жылы аяктоо.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219