11-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
1. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиялоочу органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, ошондой эле юридикалык дареги;
3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) лицензия үчүн - иштин лицензиялануучу түрү;
уруксат үчүн - уруксат берилип жаткан иш-аракеттин түрү;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү (эгер белгиленген болсо);
6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак боюнча чектелген болсо);
7) лицензиянын жана (же) уруксаттын берилген датасы жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
2. Лицензия, лицензиянын тиркемеси жана (же) уруксат лицензия берүүчү тарабынан бекитилген формада, кагаз жана (же) электрондук форматтарда жол-жоболоштурулат.
3. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп туруу, кайра жаңыртуу же колдонууну токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн актылары жана башка документтер арыз ээсинин же лицензия алуучунун лицензиялык ишин түзөт.
Лицензиялык иш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кагаз жана (же) электрондук форматтарда түзүлөт жана сакталат.
4. Зарыл болгондо лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемелер жол-жоболоштурулат, буга иш процессиндеги иш-аракеттерге ушул Мыйзамдын 17-беренесине ылайык уруксат берилүүчү учурлар кирбейт.
Лицензияга тиркеме иштин лицензиялануучу түрүнүн аткарылуучу жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, иш-аракеттеринин жана операцияларынын түрлөрүнүн ар бирин көрсөтүү үчүн жол-жоболоштурулат. Ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисин ачууда лицензиянын тиркемесинде анын иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт. Лицензиянын тиркемесинде көрсөтүлүүчү иштин лицензиялануучу түрүнүн жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, иш-аракеттеринин жана операцияларынын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен белгиленет. Иштин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана тиркемени алуу зарылдыгын эске алуу менен лицензия алуучу тиешелүү лицензия берүүчүгө кабарлоону, ошондой эле иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында аткарылуучу жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн жана (же) ишти жүзөгө ашыруунун жаңы объектисинин дарегин көрсөтүү менен зарыл документтерди жөнөтөт. Тиркеме кабарлоону алган учурдан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде жол-жоболоштурулат. Иштин лицензиялануучу түрүнүн, ошондой эле ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисинин иштөөсүнүн алкагында кошумча иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашыруу лицензиянын тиркемесин алган учурдан тартып башталат. Арыз ээси лицензиянын тиркемесин берүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартууну албаган учурда лицензиянын тиркемесин берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде ал тарабынан билдирилген, иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагындагы кошумча жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашырууну, ошондой эле ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисинин ишин баштайт. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 504 "Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.09.2019 · № 504
- Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө уруксаттамалоо жана уруксат берүү жөнүндө убактылуу ЖОБОПоложение · 22.07.2014
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 "Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 08.07.2021 · № 64 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>