Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-берене. Турак жайларды кезексиз жана биринчи кезекте берүү
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июня 2017 года № 100
1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын төмөндөгү категорияларына турак жайлар кезексиз берилет: жетим балдарга, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарга, жетим балдардын жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын ичинен адамдарга, алардын билим берүүчү жана башка мекемелерде, анын ичинде социалдык жактан тейлөө мекемелеринде, багуучу үй-бүлөлөрдө, үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө болуусу аяктаганы боюнча, камкорчулук (көзөмөлчүлүк) токтотулганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө аяктаганы боюнча же эркиндигинен ажыратуу жайларынан келгендиги боюнча.
2. Биринчи кезектүүлүктөгү тартипте турак жайы менен төмөндөгү категориядагы жарандар камсыз кылынат:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана курман болгондордун же дайынсыз жоголгон аскерлердин (партизандардын) үй-бүлөлөрү жана белгиленген тартипте аларга теңештирилген адамдар;
2) Советтер Союзунун Баатырлары, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, ошондой эле Даңк, Эмгек Даңкы ордендери, "СССР Куралдуу Күчтөрүндө мекенге кызмат кылгандыгы үчүн" орденинин бардык үч баскычы менен сыйланган адамдар;
3) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген оорулардын тизмесинде саналган кээ бир өнөкөт оорулардын оор формалары менен жабыр тарткан адамдар;
4) жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын мезгилинде жана СССРди коргоо боюнча башка аскердик операциялардын убагында кызмат кылып жаткан армиянын курамында болгон адамдар, жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуштун партизандары, ошондой эле СССРди коргоо боюнча аскердик операцияларга катышкан башка адамдар;
5) жалпы оорунун, эмгектик майып болуунун же кесиптик оорунун натыйжасындагы I жана II топтогу майыптар жана аскер кызматчыларынын ичинен I жана II топтогу майыптар;
6) аскердик кызматтык милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактап калуу боюнча жарандык парзды аткарууда курман болгон адамдардын үй-бүлөлөрү;
7) "Баатыр-эне" наамы ыйгарылган энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр;
8) 1986-1987-жылдарда бөлүп коюлган зонанын чегинде Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан же ушул мезгилде Чернобыль АЭСинде эксплуатациялоо же башка жумуштарда иштеген (анын ичинде убактылуу жиберилген же ишке жөнөтүлгөн) адамдар, ошондой эле атайын жыйымдарга чакырылган жана ушул мезгилде дислокацияланган жерине жана аткарган жумуштарына карабастан көрсөтүлгөн авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле 1986-1987-жылдарда бөлүнүп коюлган зонада кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын зардалдар жана катардагы курамындагы адамдар;
9) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун бузууга жаткан жашаган турак жайларында жашаган адамдар;
10) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун кулап калуу коркунучу бар турак жайларында жашаган адамдар;
11) аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылган (аскер шаарчаларынан чыгарылган) аскер кызматчылары.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"Редакцияларды салыштыруу
08.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коргоо боюнча аскердик операцияларга катышкан башка адамдар;
5) кошулду: жалпы оорунун, эмгектик майып болуунун же кесиптик оорунун натыйжасындагы I жана II топтогу майыптар жана аскер кызматчыларынын ичинен I жана II алынып салынды: топтордогу майыптар жана I жана II топтордогу эмгек майыптары;
кошулду: топтогу майыптар;
6) аскердик кызматтык милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук … деп таанылган (аскер шаарчаларынан чыгарылган) аскер кызматчылары.
кошулду: (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-5
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 104/XXX–4 "К. Тилебалдиев атындагы ата – энесинин камкордугусуз калган балдар үйүнүн тарбиялануучулары , жетим балдар…Постановление · 19.06.2024 · № 104/XXX–4
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 105/XXX–5 "II - топтогу майыпка, жаш баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Дуйшенкулова Мира Омуржановнага муниципалдык…Постановление · 19.06.2024 · № 105/XXX–5
- Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №154 “Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү…Постановление · 28.09.2021 · № 11
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-2
- Постановление Правительства КР от 4 января 1997 года №7 "О заключениях на проекты законов Кыргызской Республики "О статусе судов Кыргызской Республики" и "О статусе судей в…Постановление · 04.01.1997 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>