Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин «К. Тилебалдиев атындагы ата – энесинин камкордугусуз калган балдар үйүнүн тарбиялануучулары, жетим балдар Иманалиев Азамат Нурлановичке 2005 – жылы туулган жана анын карындашы Иманалиева Бахтияна Нурлановнага 2009 – жылы туулган муниципалдык батирди жеке менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 104/XXX – 4
К. Тилебалдиев атындагы ата – энесинин камкордугусуз калган балдар үйүнүн тарбиялануучулары , жетим балдар Иманалиев Азамат Нурлановичке 2005 – жылы туулган жана анын карындашы Иманалиева Бахтияна Нурлановнага 2009 – жылы туулган муниципалдык батирди жеке менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын билим берүү мекемелеринде жана башка мекемелеринде, анын ичинде социалдык жактан тейлөө мекемелеринде, балдар үйлөрүндө болгон мөөнөтү аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөнү аяктагандан кийин алардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында, аларга ылайык турак-жай биринчи кезекте берилет. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгү, 44-беренесинин 1-бөлүгү, “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин, 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 27-пунктунун жана 5-пунктунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.К.Тилебалдиев атындагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары, жетим балдар Иманалиев Азамат Нурлановичке 2005 – жылы туулган жана анын карындашы Иманалиева Бахтияна Нурлановнага 2009 – жылы туулган, Кайыңды шаарындагы Коммунистическая көчөсү 5 кв. 4 дарегинде жайгашкан муниципалдык батирди жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери муниципалдык батирди кабыл алууну жана өткөрүп берүүнү (кайра каттоону) тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарында жүргүзүшсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Э.Т. Иманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117