Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын компетенциясы
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компентенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык турак жай фондунун пайдаланылышын жана сакталышын, ушул фонддун турак жайларынын белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана ченемдерге, мыйзамдардын башка талаптарына ылайыктуулугун контролдоо;
2) мамлекеттик менчикте турган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген негизде жана тартипте берүү;
3) муниципалдык менчикте турган турак жайларды мөөнөттүү пайдаланууга берүү;
4) турак жана турак эмес жайларды кайра куруу жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу;
5) муниципалдык менчикте турган жатаканаларга жана мейманкана тибиндеги үйлөргө турак үй статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мажбурлоо сервитутун белгилөө;
7) муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз деп таануу;
8) муниципалдык турак жай фондунун көп батирлүү турак үйлөрүн башкарууга башкаруучу уюмдар (башкаруучулар) менен келишимдерди түзүү;
9) башкаруучу уюмдардын (башкаруучулардын) иши үчүн тең шарттарды камсыз кылуу;
10) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин алууну ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүү;
11) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) көп батирлүү үйлөрдүн жалпы мүлкүн башкарууну жүзөгө ашыруучу жактардын, ошондой эле ушундай ишти жүзөгө ашырууга ниети бар адамдардын адистигин жогорулатуучу курстарды уюштуруу жана өткөрүү;
13) көп батирлүү үйлөрдөгү жалпы мүлктү башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жана иштерге белгиленген баалар тууралуу, бул бааларга ылайык акы төлөөнүн өлчөмдөрү жөнүндө, көрсөтүлүүчү кызматтардын жана аткарылуучу иштердин көлөмү, тизмеги жана сапаты тууралуу маалыматтарды берүү;
14) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү башкарууга, талаптагыдай күтүүгө жана оңдоого чыгымдарга катышуудан баш тарткан жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу;
15) менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн техникалык жана санитардык абалына жана өз убагында оңдоого контролду жүзөгө ашыруу;
16) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эсебин алууну ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүү;
11) алынып салынды: ушул Кодексте белгиленген учурларда көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн ачык конкурстарды демилгелөө жана аларды өткөрүү;
кошулду: (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) көп батирлүү үйлөрдүн жалпы мүлкүн башкарууну жүзөгө ашыруучу … күтүүгө жана оңдоого чыгымдарга катышуудан баш тарткан жактарды алынып салынды: администрациялык кошулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу;
15) алынып салынды: муниципалдык кошулду: менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн техникалык жана алынып салынды: жеке менчикте турган турак жайлардын техникалык абалын кошулду: санитардык абалына жана өз убагында алынып салынды: оңдоону көзөмөлдөөнү кошулду: оңдоого контролду жүзөгө ашыруу;
16) турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү.
кошулду: (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Бишкек шаардык кенешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 12 “Муниципалдык турак жайды акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.09.2021 · № 12
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 144 "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2024 · № 144
- Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 33 "Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 25.10.2017 · № 33
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 10 "Муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2021 · № 10
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-5
- Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2021 · № 21-2
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>