Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чапаев айылдык кеңешинин «Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө» токтому
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2017-жылдын 25-октябры № 33 Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө
Айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адисинин Чапаев айыл аймагында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоонун зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12 жана 13-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36 жана 37-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегинде Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
- Арпачиев А.К., айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комиссиясынын төрагасы;
- Кенджебаева Л.С., айылдык кеңештин депутаты;
- Иманкулов К.Ж., айылдык кеңештин депутаты;
- Едильбаев Т.Т., айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси;
- Медетов М.О. айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси.
2. Түзүлгөн комиссия Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага
Р. Алманиязов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон