22-берене. Банктын башкармасы
Күчүндө · 05.10.2023 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185
1. Банктын башкармасы Банктын коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат. Банктын башкармасынын курамына Банктын башкармасынын төрагасы жана Банктын башкармасынын 4 мүчөсү кирет.
2. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банктын Директорлор кеңеши тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Банктын башкармасынын төрагасы жана Банктын башкармасынын мүчөлөрү 5 жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалат жана кайрадан кийинки мөөнөттөргө дайындалышы мүмкүн.
3. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банкта туруктуу негизде иштейт жана башкарманын мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Башкарманын бир дагы мүчөсү бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөсү же министрликтин же башка мамлекеттик органдын кызмат адамы боло албайт.
4. Банктын башкармасынын мүчөлөрүнө сыйакынын же башка төлөмдөрдүн өлчөмүн Банктын Директорлор кеңеши бекитет.
5. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банктын башкармасынын төрагасынын сунушу боюнча Банктын Директорлор кеңеши тарабынан ыйгарым укугун аткаруудан мөөнөтүнөн эрте бошотулушу мүмкүн. Эгер көрсөтүлгөн адамдар ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотушса, ушул Мыйзамда жана Банктын уставында белгиленген тартипте Банктын башкармасынын жаңы мүчөлөрү дайындалат.
6. Банктын башкармасы Банктын уставынын негизинде иштейт, анда Банктын Банктын башкармасынын ыйгарым укугу, регламенти, жыйналыштардын мөөнөтү, чакыруу жана өткөрүү тартиби, ошондой эле чечим кабыл алуу тартиби белгиленет.
7. Банктын башкармасынын жыйналышында протокол жазылат, ал Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, Банктын ички контролдоо кызматынын жана аудитордук уюмдардын мүчөлөрүнө алардын талаптары боюнча берилет.
8. Банктын башкармасынын төрагасы анын ишин жетектейт. Банктын башкармасынын төрагасына Банктын ишиндеги маселелер боюнча оперативдүү жана аткаруу-тескөөчү чечимдерди кабыл алууга, Банктын атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Банктын уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды пайдаланууга ыйгарым укук берилген.
9. Банктын башкармасынын Банктын уставында каралган ыйгарым укуктарын Директорлор кеңешине өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.10.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 5 декабря 2022 года № 115 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственном банке развития Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
05.10.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана Банктын башкармасынын 4 мүчөсү кирет.
2. Банктын башкармасынын алынып салынды: төрагасы жана Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банктын Директорлор кеңеши тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилүүгө жатат. кошулду: кызмат ордунан бошотулат. Банктын башкармасынын төрагасы жана Банктын башкармасынын мүчөлөрү алынып салынды: Банктын Директорлор кеңеши тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
кошулду: 5 жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалат жана кайрадан кийинки мөөнөттөргө дайындалышы мүмкүн.
3. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банкта туруктуу негизде алынып салынды: иштешет кошулду: иштейт жана алынып салынды: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" кошулду: башкарманын мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Мыйзамына кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бардык талаптарга ылайык алынып салынды: банктардын кызмат адамдарына колдонулуучу бардык талаптарды канааттандырышы керек. Жогоруда айтылгандарга карабастан башкарманын кошулду: келүүгө тийиш. Башкарманын бир дагы мүчөсү бир эле алынып салынды: учурда кошулду: убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз … мүчөсү же министрликтин же башка мамлекеттик органдын кызмат адамы алынып салынды: болбошу керек.
кошулду: боло албайт.
4. Банктын башкармасынын мүчөлөрүнө сыйакынын же башка төлөмдөрдүн … 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2022-жылдын 5-декабрындагы N алынып салынды: 115 кошулду: 115, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 09.10.23 ж. №533 токтомуПостановление · 09.10.2023 · № 533
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203761/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>