Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-берене. Банктын контролдоочу органдары
Күчүндө · 05.10.2023 редакциясы · 6-глава
1. Банкта ички контролдоо жана Банктын ишиндеги максаттарга жетүүгө терс таасирин тийгизген материалдык, инвестициялык жана финансылык тобокелдиктерди дайыма ачып көрсөтүүгө жана баалоого мүмкүндүк берген тобокелдиктерди башкаруу тутуму болушу керек. Мындай баалоолор бардык тобокелдиктерди, атап айтканда кредиттик жана инвестициялык тобокелдиктерди, валюталык тобокелдикти, топтоо тобокелдигин, жоюу тобокелдигин, операциялык тобокелдикти, юридикалык тобокелдикти, саясий жана башка тобокелдиктерди камтууга тийиш.
Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүүнүн тутумуна ээ болушу зарыл. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуу чөйрөсү аныкталууга, минималдуу болууга жана көз карандысыз байкоого алынууга тийиш. Банктын тобокелдиктерин көз карандысыз оперативдүү контролдоо үчүн Банктын директорлор кеңеши тобокелдик-менеджерин дайындайт, ал тобокелдиктерди башкаруу боюнча Банктын саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу болот. Тобокелдик-менеджери Банктын директорлор кеңешине отчет берет.
2. Банкта ички аудитор тарабынан жүргүзүлүүчү ички аудит ишке ашырылышы керек, анын компетенциясына ички контролдоо тутумунун адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле бекитилген кызматтык нускамага ылайык Банктын аткаруучу кызмат адамдары тарабынан киргизилген милдеттерди аткаруунун сапатын, мыйзамдуулуктун сакталышын жана эсеп жүргүзүүнүн адекваттуулугун жана Банктын саясатына ылайык башка маселелерди текшерүү жана баалоо кирет.
Банктын ички аудитору Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат жана отчет берет. Аудит жүргүзүүнүн тартиби жана ага карата талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 05.10.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203761/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>