КР Министрлер Кабинетинин 09.10.23 ж. №533 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 21, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2023-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун акционери катары ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.
3. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коому үч айлык мөөнөттө ички ченемдик документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161