Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2022-жылдын 5-декабры № 115 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банктын бирден-бир акционери мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.";
2) 14-берененин 5-пунктунда "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 15-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 21-беренеде:
а) 3-бөлүктө "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүктө "Премьер-министринин" жана "Премьер-министри" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" жана "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 108 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2022-жылдын 27-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 10.08.2012 · № 164 · Күчүн жоготкон