23-берене. Премьер-министрди кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151
1. Премьер-министр Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
2) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;
3) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;
6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;
7) сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;
8) каза болгондо.
2. Премьер-министрди ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотуу Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.
Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда Өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет. Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.
3. Премьер-министр төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелет:
1) Президент тарабынан анын отставкасы кабыл алынганда;
2) Өкмөт отставкага кеткенде.
4. Премьер-министрдин отставкасы Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.
Премьер-министр же болбосо Өкмөт отставкага кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр же Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.
5. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Президент тарабынан кабыл алынган арыздын негизинде милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордунан бошотулган учурда, анын ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.
6. Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен байланышпаган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтпөөгө же Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланышпаган негиздер боюнча отставкага кеткен Премьер-министр Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри наамына ээ болот.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- КР Президентинин 2021-жылдын 20-январындагы ПЖ № 7 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.01.2021 · № 7
- КР Президентинин 2020-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 106 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.06.2020 · № 106
- КР Президентинин 2020-жылдын 09-октябрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетүүсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 09.10.2020 · № 185
- КР Президентинин 2015-жылдын 24-апрелиндеги ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.04.2015 · № 54
- КР Президентинин 2016-жылдан 11-апрелиндеги ПЖ № 76 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.04.2016 · № 76
- КР Президентинин 2017-жылдын 22-августундагы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.08.2017 · № 149
- КР Президентинин 2020-жылдын 09-октябрындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 09.10.2020 · № 186
- КР Президентинин 2014-жылдын 26 мартындагы ПЖ № 63 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.03.2014 · № 63
- КР Президентинин 2017-жылдын 22-августундагы ПЖ № 150 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.08.2017 · № 150
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 300-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.06.2009 · № 300-р · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>