Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 54 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 24-апрели ПЖ № 54 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 4-бөлүгүнө, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Оторбаев Жоомарт Каиповичтин отставкасы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
3. Кыргаз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар, ошондой эле административдик ведомстволордун жетекчилери мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Негиз: Ж.К.Оторбаевдин арызы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон