Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-берене. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151
1. Министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары:
1) тиешелүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
2) Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, Премьер-министрдин тескемелеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн буйруктар менен тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат;
3) Өкмөттүн, Премьер-министрдин ченемдик актыларынын долбоорлорун, Өкмөттүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча башка материалдарды иштеп чыгууну уюштурат жана Өкмөттүн кароосуна киргизет;
4) Өкмөттүн, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өкүлү болот;
5) белгиленген тартипте соттордо Өкмөттүн кызыкчылыктарына өкүл болот;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрин кошпогондо, Өкмөттүн, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Өкмөттүн компетенциясына кирген эл аралык маселелер боюнча келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;
7) коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарларын (биринчи орун басарын кошуп алганда) кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды Премьер-министрге киргизет;
8) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде тиешелүү аскер наамдарын, дипломатиялык рангдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгарат;
9) өзүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын жетекчилеринин орун басарларына, статс-катчыларына жана башка жетекчилерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот; орун басарларга жана статс-катчыларга карата ээлеген кызматынан бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза чараны колдонуу жөнүндө Премьер-министрге сунуштама киргизет;
10) ушул конституциялык Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагалары төмөндөгүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартышат:
1) аларга тапшырылган иштин чөйрөсү үчүн;
2) берилген маалыматтардын аныктыгынын шайкеш келүүсү үчүн.
3. Ушул берененин жоболору администрациялык ведомстволордун жетекчилерине карата да бирдей мерчемде колдонулат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3296-VI "2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды…Постановление · 17.10.2019 · № 3296-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы № 283 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.06.2018 · № 283
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 408 “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 28.06.2017 · № 408
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы №561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсы кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 04.12.2009 · № 561 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 12-июнундагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечикткрилгис чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.06.2009 · № 272 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 августа 1998 года N 564 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Правительстве…Постановление · 26.08.1998 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>