Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-берене. Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 15 июля 2016 года № 116
1. Өкмөттүн мүчөлөрү өз иши үчүн жана тиешелүү мамлекеттик органдын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Өкмөттүн мүчөсү тарабынан антты, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузушу Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда ага карата тартип чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден тышкары, Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:
1) Өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндө жана тиешелүү министрлик, мамлекеттик комитет жоюлганда (кайра уюштурулганда);
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө;
4) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;
5) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;
8) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;
9) ал сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;
10) каза болгондо;
4. Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. Президент Өкмөттүн мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Премьер-министр тарабынан сунуштама киргизилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө аны кызматтан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарат.
Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген Өкмөттүн мүчөсүн - мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо, ал кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет. 4-1. Өкмөттүн мүчөсү отставка жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өкмөттүн мүчөсүнүн отставкасы Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.
5. Өкмөттүн мүчөсү төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелинет:
1) Президент анын отставкасын кабыл алганда;
2) Өкмөт отставкага кеткенде.
6. Өкмөттүн мүчөсү отставкага кеткенде же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңеш тарабынан ал жактырылган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде Президентке киргизет. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Президент Өкмөттүн мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 2016-жылдын 15-июлундагы № 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 15 июля 2016 года № 116 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (41)
- КР Президентинин 2016-жылдын 30-майындагы ПЖ № 129 "М.Т.Турганбаев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.05.2016 · № 129
- КР Президентинин 2019-жылдын 21-майындагы ПЖ № 67 "Ш.У.Асымбеков жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.05.2019 · № 67
- КР Президентинин 2019-жылдын 21-майындагы ПЖ № 68 "Б.Н.Шаршембиев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.05.2019 · № 68
- КР Президентинин 2019-жылдын 27-майындагы ПЖ № 71 "Н.М.Мурашев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.05.2019 · № 71
- КР Президентинин 2019-жылдын 27-майындагы ПЖ № 72 "О.М.Панкратов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.05.2019 · № 72
- КР Президентинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 124 "Г.К.Кудайбердиева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.09.2019 · № 124
- КР Президентинин 2020-жылдын 22-январындагы ПЖ № 10 "Н.С.Мирзахмедов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.01.2020 · № 10
- КР Президентинин 2020-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 14 "З.М.Аскаров жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.02.2020 · № 14
- КР Президентинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги ПЖ № 59 "А.С.Омурбекова жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.04.2020 · № 59
- КР Президентинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги ПЖ № 60 "К.С.Чолпонбаев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.04.2020 · № 60
- КР Президентинин 2020-жылдын 21-октябрындагы ПЖ № 13 "Э.У.Чодуев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.10.2020 · № 13
- КР Президентинин 2020-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 22 "У.Т.Кочкоров жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2020 · № 22
- КР Президентинин 2020-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 23 "А.Ж.Исмаилова жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2020 · № 23
- КР Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 33 "Ж.П.Разаков жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.02.2020 · № 33
- КР Президентинин 2014-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 160 "А.Ш. Суранчиев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.09.2014 · № 160
- КР Президентинин 2014-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 162 "К.А.Талиева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.09.2014 · № 162
- КР Президентинин 2014-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 164 "Д.З. Сагинбаева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.09.2014 · № 164
- КР Преиздентинин 2014-жылдын 11-октябрындагы ПЖ № 170 "О.М. Артыкбаев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.10.2014 · № 170
- КР Президентинин 2014-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 220 "К.Ж.Садыков жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.12.2014 · № 220
- КР Президентинин 2014-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 221 "А.Т.Алымкулов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.12.2014 · № 220
41 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>