КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 12-июну № 300-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-статьясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; Убышев Э.Д. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик жүк ташуулар департаментинин Эл аралык жүк ташуулар башкармалыгынын начальниги; Бекжанов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Чек ара контролу башкы башкармалыгынын Чек ара контролу башкармалыгынын чек ара контролун пландоо жана уюштуруу бөлүмүнүн начальниги; Сопуев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 2012-а/б чек ара контролун уюштуруу бөлүмүнүн начальниги; Мусакеев К.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин алдындагы Мамлекеттик чек арага жана транспортко мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкы башкармалыгынын начальниги; Курманбаев Б.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгынын начальниги; Алмазбек кызы Айгүл - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын тышкы соода саясаты жана Дүйнөлүк соода уюму бөлүмүнүн башкы адиси; Мамбеткожоев Ш.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын товарларды жеткирүү контролу бөлүмүнүн начальниги; Грискевич В.П. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн начальниги; Асакеев Э.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын товарларды жеткирүүнү контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- тышкы соодада мамлекеттик чек ара аркылуу бирдиктүү өткөрмө каналын пайдалануу менен маалыматтарды стандартташтыруу жана документ маселелери боюнча сунуштарды үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-2-пунктун аткаруу боюнча уюштуруу маселелерин эки айлык мөөнөттө чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун уюштуруучулук, методикалык жана башка иштерин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган…Постановление · 19.11.2007 · № 556
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар…Указ · 23.10.2007 · № 464 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.