18-берене. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151
1. Премьер-министр аткаруу бийлигинин жогорку кызмат адамы болуп саналат.
2. Премьер-министр:
1) Өкмөткө жетекчилик кылат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;
2) аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде Өкмөттүн атынан иш алып барат;
4) Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт;
5) Өкмөттүн мүчөлөрүнөн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, Өкмөттүн түзүмүн, курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды жана Өкмөттүн программаларын Жогорку Кеңешке киргизет;
6) Өкмөт менен ага баш ийген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин уюштурат;
7) Өкмөттүн жыйналыштарына төрагалык кылат;
8) Өкмөттүн токтомдоруна, тескемелерине, Өкмөттүн жыйналыштарынын протоколдоруна кол коет;
9) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат;
10) биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
11) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин жана Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын ишин координациялайт жана контролдойт;
13) мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;
14) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын башка мамлекеттердин экономикасына интеграцияланышына көмөк көрсөтөт;
15) администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
16) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун статс-катчыларын мыйзамдарда каралган тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
17) коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын сунуштамасы боюнча министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
18) Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларын алардын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
19) Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисин, орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
20) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин кеңешчилери менен жардамчыларын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн башчыларын дайындайт жана бошотот;
21) жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын мыйзамда каралган тартипте дайындайт жана бошотот;
22) чет өлкөлүк мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого Президентке макулдук берет;
23) Өкмөттүн мүчөлөрүн кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;
24) Президент тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарын бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;
25) министрлерге, мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
26) Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы аткаруу бийлик органдарынын башка кызмат адамдарына, мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин өзү дайындоочу жана бошотуучу жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
27) мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын башкы директорлорун, ошондой эле дайындоо, бекитүү (бошотуу) Премьер-министрдин тескемеси менен жүзөгө ашырылуучу кызматтардын номенклатурасына кирген башка кызмат адамдарын белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот;
28) Өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскер наамдарын, класстык чендерди, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
29) жогорку класстык чендерди ыйгарат;
30) Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы институттарындагы жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүн дайындайт;
31) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
32) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
33) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин тескемелери түрүндө кабыл алынат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (534)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 527-б (Сыйлоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 16.11.2017 · № 527-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-мартындагы № 47-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.03.2019 · № 47-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3111-V "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушунун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн…Постановление · 30.05.2013 · № 3111-V
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 97 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк…Распоряжение · 17.04.2015 · № 97
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 19-январындагы № 26 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк…Распоряжение · 19.01.2016 · № 26
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 195 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 16.04.2019 · № 195
- КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 433 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасыныи…Распоряжение · 05.10.2021 · № 433
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 27-августундагы № 471 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек менен сыйлоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.08.2019 · № 471
- КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН 2020-жылдын 23-январындагы N 21 (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан…Распоряжение · 23.01.2020 · № 21
- ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН "2017-жылдын 7-декабрындагы № 2078-VI "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2017 · № 2078-VI
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 707 токтому менен бекитилген)Положение · 29.12.2016 · № 707
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 18-июнундагы № 422 ""Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун…Распоряжение · 18.06.2018 · № 422
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда…Распоряжение · 23.07.2018 · № 266
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 733 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда…Распоряжение · 27.09.2012 · № 733
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 1-октябрындагы № 734 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.10.2012 · № 734
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 22.03.2016 · № 139
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 339 (Мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 23.06.2016 · № 339
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 25-мартындагы № 70 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын…Распоряжение · 25.03.2015 · № 70
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 403 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү жөнүндө)…Распоряжение · 13.06.2017 · № 403
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 28-июнундагы № 351 (Распоряжение · 28.06.2019 · № 351
534 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 19.07.2013 · № 151 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>