Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 16-апрели, № 195 (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-июнундагы № 231 буйругунун редакциясына ылайык) Нидерланддын Гаага шаарынын Туруктуу арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-сентябрындагы чечими менен «Entes Industrial Plants Construction and Erection Constructing Co. Inc.» түркиялык компаниясына ыйгарылган сумманы төлөө маселесин жөнгө салуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. «Entes Industrial Plants Construction and Erection Constructing Co. Inc.» түркиялык компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Нидерланддын Гаага шаарынын Туруктуу арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-сентябрындагы чечими менен «Entes Industrial Plants Construction and Erection Constructing Co. Inc.» түркиялык компаниясына ыйгарылган сумманы төлеө маселесин жөнгө салуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Нидерланддын Гаага шаарынын Туруктуу арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-сентябрындагы чечими менен ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн компанияга ыйгарылган сумманы төлөө маселесин жөнгө салуу үчүн аталган компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды зарыл болгон учурда белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ишин камсыздоо төмөнкүлөрго жүктөлсүн:
- уюштуруучулук камсыздоо - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине;
- методикалык камсыздоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине жыйынтыктоочу документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме «Entes Industrial Plants Construction and Erection Constructing Co. Inc.» түркиялык компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Нидерланддын Гаага шаарынын Туруктуу арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-сентябрындагы чечими менен «Entes Industrial Plants Construction and Erection Constructing Co. Inc.» түркиялык компаниясына ыйгарылган сумманы төлөө маселесин жөнгө салуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-июнундагы № 231 буйругунун редакциясына ылайык)
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Эркимбаев Данияр Жантаевич
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору;
Иманалиева Тамара Куланбековна
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
Мамаев Кубанычбек Абдрахманович
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институтунун инженер-жолчусу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 10-июнундагы № 231 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 195 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 10.06.2020 · № 231 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 13-июнундагы № 415 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.06.2018 · № 415 · Күчүн жоготкон