Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин «»Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2018-жылдын 18-июну № 422 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер менен жазылып калган Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айыптарды төлөө тартибин аныктоо бөлүгүндө ушул буйруктун 2-тиркемесинде аталган ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап чыксын;
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын арасында өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыксын;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдарга 2-тиркемеге ылайык киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте материалдарды сурап алууга жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. 2-тиркемеде аталган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) эки айлык мөөнөттө жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
1-тиркеме "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Абдылдаева Айнур Нуралиевна
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Асанов Курсан Сатарович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абакиров Эльдар Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Баяманова Зуура Эдуардовна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Шатемиров Кубанычбек Таалайбекович
-
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Акматалиев Мирбек Акматалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Туйбаева Айнура Абдыкалыковна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Асылбеков Таалайбек Спартакович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын статс-катчысы;
Милицкий Геннадий Алексеевич
-
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Жумагазиев Канат Сагынович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
Саркулов Ыманалы Кадырбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Сатыбалдиев Нур Рысканович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Исраилов Азамат Бакирович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын жол-патрулдук кызматы жана административдик практика башкармалыгынын начальниги;
Шабданов Медербек Тагайбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун начальниги;
Калматов Марат Сайдимаматович
-
Ош шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Абдуллаева Гүлгакы Калмаматовна
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, укук коргоо органдары жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси;
Жангазиев Азамат Айбекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери;
Жандаев Бектен Жолдошбекович
-
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун юридикалык башкармалыгынын сектор жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер менен жазылып калган Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айыптарды төлөө тартибин аныктоо бөлүгүндө кайрадан каралуучу ченемдик укуктук актылардын ТИЗМЕСИ
Ченемдик укуктук актынын аталышы
Жооптуу аткаруучулар
1
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси
ИИМ, ЮМ
2
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси
ИИМ, ЮМ
3
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
ИИМ, ЮМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
4
"Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
ЮМ, КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча)
5
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси
Финмин, ИИМ, ЮМ
6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому
ИИМ, ЮМ
7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтому
ЮМ, Мамкаттоо, ИИМ
8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу" токтому
Финмин, ИИМ, ЮМ
* Эскертүү: Ушул тизме толук эмес, ошол себептен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуштары менен толукталышы мүмкүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 5
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнγн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кыэмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн…Постановление · 04.08.1999 · № 421
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык…Постановление · 27.07.2017 · № 453
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган…Порядок · 27.07.2017 · № 453
- 1993-жылдын 3-сентябрында күчүнө кирген Конвенцияга түзөтүүлөрдү кошо алганда Вена шаарында 1968-жылдын 8-ноябрында кол коюлган жол кыймылы жөнүндө Конвенцияга Кыргыз…Закон · 13.02.2006 · № 41
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо" ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон