Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек менен сыйлоо жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 27-августу № 471 Ак ниет эмгеги, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия комиссиясынын 21-жыйынын, кыргыз-россия региондор аралык 8-конференциясын, Корея Республикасынын жана Казакстан Республикасынын премьер-министрлеринин Кыргыз Республикасына болгон расмий визиттерин, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасына болгон жумушчу визитин, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 8-жыйынын, ошондой эле кыргыз-корея бизнес-форумун ийгиликтүү уюштургандыгы жана өткөргөндүгү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Алишеров Эльдар Туралиевич
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Нурдинова Айзада Касымбековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Байгазиев Алмаз Белековичке
-
Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри;
Иманалиев Данир Белековичке
-
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
Рысалиева Алима Зарылбековнага
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Сыдыков Эрмек Курманбековичке
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
Ахматова Индира Булатбековнага
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын начальниги;
Давлесова Жибек Батырбековнага
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кокоев Бакыт Нурадиловичке
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын бөлүм начальниги;
Муратов Данияр Эдильевичке
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын бөлүм начальниги;
Дурболонов Эдилбек Дурболоновичке
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти;
Ибраимов Бакыт Алтымышевичке
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти;
Байбосов Алмазбек Кубанычбековичке
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин экинчи катчысы;
Алмазбеков Даврон Асхатовичке
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин атташеси;
Атагельдиева Аида Жумакадыровнага
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын эл аралык уюмдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;
Орозалиева Айкерим Орозалиевнага
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык жана интеграциялык процесстер башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин милдеттерин убактылуу аткаруучу;
Качкын кызы Назгүлгө
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын № 2 Мамлекеттик резиденциясынын метрдотели;
Шаршенов Назим Аскабековичке
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин жетектөөчү референт-эксперти.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон