КР Премьер-министринин (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобун Тажикстан Республикасына жиберүү тууралуу) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 19-январы № 26 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда 2016-жылдын 25-30-январында Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Бобожон Гафуров районуна жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобунун КУРАМЫ
Искандаров Курбанбай Алибаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобунун жетекчиси;
Абдырахманов Сайитбек Кутбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Абдураимов Бекназар Элмуратович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Калматов Азамат Маматысакович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
Эралиев Таалай Каскаевич
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
Мурзаев Абдималик Мурзаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;
Ботобаев Каныбек Калбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
Эргешов Абдиназар Мамытович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Борубаев Назирбек Нарматович
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
Юнусов Чынгыз Амангелдиевич
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон